“Алдыңкы тажрыйба борбору” статусу ыйгарылды

2024-жылдын 26-декабрында, Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын кезектеги отурумунда
кесиптик-техникалык окуу жайларга “Алдыңкы тажрыйба борбору” статусун берүү маселеси каралды. Коллегия мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелер боюнча баяндамачылардын сөздөрүн угуп жана талкуулоонун жыйынтыгы менен Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине “Алдыңкы тажрыйба борбору” статусу ыйгарылды. Окуу жайдын директору Иманканова Жыпара Бекмурсаевна эмгек жамаатын куттуктоо менен, статусту алууда окуу жайдын жалпы эмгек жамаатынын кошкон салымы чоң экенин билдирип, ыраачылыгын
билдирди. Окуу жай жаңы окуу жылында көптөгөн ийгиликтерге жетишине тилектешпиз.

15
155
previous arrow
next arrow