Жакшылыкка умтул

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 3-декабрь Майыптардын эл аралык күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерибизди колдоо, көңүл буруу, адамдык кадыр-баркын урматтоо максатында окуу жайдын БУ 4-23 тайпасынын студенттери жана куратору Н.Кожорова тарабынан даярдалган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада директор Жыпара Бекмурзаевна ДМЧ студенттерибизге каалоо- тилек айтуу менен алардын коомдогу орду чоң экенин белгилеп, ийгиликтерди каалады. Андан сырткары БУ тайпасы тарабынан даярдалган белектер тартууланды. Окуу жайда өткөрүлгөн “Жакшылыкка умтул” акциясынын негизинде чогулган акча каражаттары ар бир студентке тапшырылды. Мындан тышкары түзүлгөн пландын негизинде ар бир кураторго тарбиялык сааттарды өтүү керектиги милдеттендирилди.

10
11
previous arrow
next arrow