28.11.24-жылы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде региондогу башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайлары үчүн иш-тажрыйбаны жайылтуу максатында семинар өткөрүлдү.
Семинарда негизги кесиптик билим берүү программалары, окуу методикалык комплекси, кредиттик система , жумуш ордунда окутуу, дуалдык окутуу боюнча маалымат берилип, презентациялар көргөзүлдү.
Иш-чарага Каракол шаарынан, Тоң районунан , Кош-Көл айылынан жана Балыкчы шаарынан башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринен окутуучулар келип катышышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар суроолорун берип, талкуулашты.