Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 4-декабрь Манас күнүнө карата “Манас-улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча Балыкчы шаардык мэриясынын 14.03.2023-жылдын 80-Т тескемесине ылайык “Манас” эпосун сактоо, даңазалоо, кеңири жайылтуу максатында атайын Балыкчы шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери жана мектептин манасчылары менен бирдикте колледжиндин студенттерине чакан иш-чара уюштурулду. Мында атайын “Манас” эпосу боюнча даярдалган суроолор берилип, студенттер активдүү катышып, жооптор берилди. Окутуучулар да активдүү катышып, кызыктуу окуялардан айтып беришти. Келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен колледждин директору Иманканова Жыпара Бекмурзаевна манасчыларга чакан белектерин тартуулады.