“Технология жана программалык камсыздоо” кесиптик квалификацияны жогорулатуу

Балыкчы шаарындагы “ Алдыңкы тажрыйба борбору” Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 2024-жылдын 11-декабрынан 22-декабрына чейин “Технология жана программалык камсыздоо” кесиптик квалификацияны жогорулатуу (72 сааттык) курсунда Казарман, Тоң, Каракол, Балыкчы, Токмок, шаар, райондорундагы колледждердин жана лицейлердин IT багытындагы окутуучулары окушуп, кесиптик квалификацияларын жогорулатып жатышат. Курска келгендер жатакана, түшкү тамактануу жана жогорку сапаттагы окутуу базасы менен камыздалган. Курстун программасын колледждин атайын тренерлери, жогорку квалификациялуу окутуучулары: Н.Д.Сагындыкова, А.Казыбаев, Б.Сапарбековалар өтүп жатышат. Курсту ийгиликтүү аяктаган окутуучулар 72 сааттык сертификаттарга ээ болушат.

13
133
1333
previous arrow
next arrow