Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 17-ноябрь “Эл аралык студенттер күнүнө” карата чоң программадагы иш- чара болуп өттү. Бул кече студенттерди администрация тарабынан куттуктоо менен башталып, алдыңкы студенттерге “Ардак грамоталар”, зачеттук китепчелерди тапшыруу менен башталды. Кечени атайын Балыкчы шаардык маданият үйүнүн кызматкери Төлөгөнов Илгиздин коштоосунда даярдалган шоу-концерт көрсөтүлдү. Студенттер үчүн кызыктуу оюндар, ыр, бийлер тарттууланды. Андан сырткары АН 12-24 тайпасы жана куратору Ч.Д.Кыдырова жоопкерчилик менен иш алып барып, өз салымдарын кошту.
