«Үч чоку» долбоорун ишке ашыруу максатында тегерек стол

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Үч чоку» долбоорун ишке ашыруу максатында чоң масштабда тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу баштаган мамлекеттик кызматкерлер катышып, атайын түзүлгөн программанын негизинде даярдалган презентациялар, маалыматтар көрсөтүлүп, катышуучулар менен биргеликте баарлашуу, талкуу болуп өттү. Ар бир келген окуу жай, ишкана жетекчилери менен меморандумга кол коюлуп, бекитилди. Кесиптик лицейлердин, мекеме, ишканалардын жетекчилери окуу жай менен таанышып, экскурсия өткөрүштү. Андан тышкары «Бир адамга бир көчөт» акциясынын негизинде Балыкчы шаардык мэриясынан берилген балатыларды келген министрликтин өкүлдөрү, жетекчилер өз колдору менен отургузуп, каалоо-тилектерин айтышты. Бул иш -чара эң жогорку деңгээлде, талапка ылайык өткөрүлдү.

14
144
1444
previous arrow
next arrow