“Ааламга жол салган-Айтматов”

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 2023-жылдын 12-декабрында “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталыштагы Мамлекттик тилдин үч айлыгынын жобосуна ылайык жана  дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн — Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган  “Ааламга жол салган-Айтматов” аталышындагы БУ 4-23 тайпасынан “Ак кеме” жана ПОВТАС 7-23 тайпасынан “Чыңгыздын урпактары” командаларынын арасында таймаш өткөрүлдү.

Бул таймаш 4 бөлүмдөн түзүлгөн: (саламдашуу, көркөм окуу, үй тапшырма (видео-ролик), командаларга суроолор).  Эки команда тең ар бир берилген бөлүм боюнча жоопкерчилик менен даярданышкан.  “Ак кеме” командасынын студенти Уланбек кызы Мээрим “Толгонайдын монологун” жогорку деңгээлде аткарды.  Ар бир таймашка командалар  кийген кийимине, сахнада өзүлөрүн алып жүрүүсүнө абдан көңүл бурушкан. Жеңишке жетишкен командалар диплом, грамоталар менен сыйланышты. Директордун милдетин аткаруучу Сагындыкова Нүргүл Дүйшөмбиевна өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшү жана командалардын даярдыгы жогорку деңгээлде болгондугун  жана студенттердин даярдыгы  мыкты  экендигин белгиледи.

1
2
3
4
previous arrow
next arrow