Балыкчы шаарындагы бюджеттик мекемелер арасында V спартакиада

2023-жылдын 23-ноябрында Балыкчы шаарындагы бюджеттик мекемелер арасында V спартакиадасы болуп өттү. Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинен спорттук оюндардын; волейбол, стритбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол, кол күрөш боюнча катышышты. Жыйынтыгында кол күрөш боюнча окутуучу Балиева Бактыгүл 2-орунга ээ болду. Командалык эсепте тогуз коргоо боюнча төмөнкү окутуучулар 3-орунга ээ болушту: Чечейбаев Жаныбек,  Түлөбердиева Эркингүл, Ибирайым к Гүлжан. Жеңишке жетишкен окутуучуларыбыз акчалай сыйлык, медаль, грамоталар менен сыйланышты.

1
2
3
previous arrow
next arrow