Биздин колледжде JICA (Japan International Cooperation Agency) өкүлдөрү менен кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
JICA — Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келет.
Сүйлөшүүлөрдө билим берүү, кадрларды даярдоо жана келечектеги биргелешкен иш-аракеттер талкууланды.
JICA менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биздин колледжге IT багыты боюнча волонтёр адис жиберүү боюнча макулдашуу болду.
Бул — студенттер үчүн заманбап IT билимдерин үйрөнүүгө, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана эл аралык адистер менен түз иштешүүгө чоң мүмкүнчүлүк.
Кызматташтык алдыда дагы кеңейет деп ишенебиз! 🇯🇵🤝🇰🇬








