«Жакшылык кылууга умтул»

2023-жылдын 1-декабрында «3-декабрь Эл аралык майыптар» күнүнө карата Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде БУ 4-23 тайпасы тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартуулашты. БУ 4-23 тайпасынын студенттери өзгөчө студенттербизге чакан белектерин тапшырышты.  «Жакшылык кылууга умтул» акциясынын негизинде  уюштурулган. Бул акциянын негизинде окутуучулар, студенттер тарабынан чогулган акча каражаттарын түзүлгөн комиссиянын негизинде окуу жайдын өзгөчө балдарына бөлүштүрүлүп берилди. Андан тышкары ПОВТАС 7-22 (Б), ПОВТАС 7-23 (Б) тайпаларында окуган   өзгөчө студенттербизди шыктандыруу максатында Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна экскурсияга барып келишти.

1
2
3
4
previous arrow
next arrow