Азия өнүктүрүү банкы каржылаган , КРдин билим берүү жана илим министрлигинин секторду өнүктүрүү программасы “ Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр“ долбоорунун алкагында “Гендердик педагогика” темасында өткөрулгөн семинарларды окутуучуларга жайылтуу максатында , 28- апрель Ысык- Көл индустриалдык – педагогикалык колледжинде семинар болуп өттү. Семинарда окутуучулар , гендердик тенчилик, гендердик стереотип , Кыргыз Республикасындагы гендердик аспектилердин өнүгүшү жана индикаторлору , гендер саясаты үй- бүлөдө, кесипчилик тандоодо кандай ишке ашырылышы керектиги тууралуу маалыматтарга ээ болушту жана суроо –жооп тапшырмаларын аткарууда , активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.