Каныбек Осмоналиев менен жолугушуу

Олимпиаданын жана оор отлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, даңазалуу спорт чебери Каныбек Осмоналиев менен жолугушуу болду.

Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан спорт ишмери Каныбек Осмоналиев босогону аттап киргенде, залда отургандар аны катуу сүрөөн менен тосуп алышты. Кыргыз жана советтик оор отлетчи К.Осмоналиев спорт жолуна аттанган жаш бөбөктөргө насаатын айтып, кеңешин ортого салды. Ал өз сөзүндө чемпион болуу үчүн адегенде Алланы, андан соң ата-энени жана мугалим, машыктыруучуларды Кудай катары таануу керектигин айтты.

          “Жок деп отуруп албастан, жоктон бар кылганды үйрөнөлү балдарым. Мен жер төлөөдөн эле өстүм, эгерде жалкоо болсок, алтын штанга жасап же алтын килем төшөп койсо да эч жыйынтык болбойт”, — деди.

1
2
previous arrow
next arrow