Кыргызстанда инклюзивдүү билим берүүнү алга жылдыруу!

          2019-2023-жылдарга карата Кыргызстанда инкюзивдик билим берүүнү

өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Ал ар бир баланын өзгөчөлүгүнө

карабай билим алуусуна бирдей шарт түзүүнү көздөйт. Бул багытта

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары

инклюзивдик билим берүү боюнча семинар, онлайн-платформаларга

катышып келет.

           Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин 10 окутуучусу  

2022-жылдын 9-декабрынан 20-декабрына чейин Эл аралык билим берүү

технологиялар борбору уюштуруп жаткан «Инклюзивдүү кесиптик  билим

берүү: заманбап көз караштар жана мамилелер»   аттуу онлайн  окууга 

катышып, квалификациясын жогорулатып, 72 сааттык сертификат алышты.

Бул онлайн окуу SKLAD билим берүү платформасында жүргүзүлдү.

           Квалификациясын жогорулаткан окутуучулар 2023-жылдын

24-январында колледжин мугалимдер жамаатына дүйнөлүк заманбап

тажрыйбаларды т.а. Германия, Эстония, Корея, Великобритания,

Финляндия, Австрия өлкөлөрүнүн  инклюзивдик билим берүү ыкмаларын, 

тажрыйбаларын талкуулашып, семинар өткөрүштү.

1
2
previous arrow
next arrow