«Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар»

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 205 «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков,Иманалы Айдарбеков,Жусуп Абдрахманов,Абдыкадыр Орозбеков,Ишеналы Арабаев) жөнүндө Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 810-т тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык=Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 28-февралындагы №69 тескемесин аткаруу максатында окутуучу Ибирайым кызы Гүлжан “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар»деген темада конференция өттү. Конференциянын максаты: студенттерде жарандык аң-сезимдин калыптанышына түрткү берүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын эмгегин эскеруу, үлгү алуу болуп саналат. Студенттер өз ойлорун билдирип активдүү катышышты.

3
1
2
previous arrow
next arrow