Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис мурасы-“Манас “ эпосунун үчилтигин ап тараптан изилдөө жана популярлаштыруу жана кошумча чаралар жөнүндөгү “ жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасына ылайык “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Анда “Ак шумкар” жана “Эр Манас” тайпаларынын ортосунда кызыктуу таймаш өткөрүлдү. Эки тайпа тең абдан жакшы даярданган. Берилген тапшырмаларды так жоопкерчилик менен аткарышкан. Калыстар тобунун чечими менен “Эр Манас “ тайпасы жеңишке жетишти. “Ардак грамота” жана белектер берилди