Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү

Балыкчы шаарынын аймагында 2023-жылдын 5-октябрына чейин “Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата” №356 тескеменин негизинде Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде түзүлгөн иш- пландын негизинде төмөнкүдөй иштер аткарылды. Тайпалар арасында “Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата тайпалар арасында ачык тарбиялык сааттар өтүлдү. Андан сырткары “Жер титирөө”, “Өрт коопсуздуктары”, “Сел жүрүү коркунучу” боюнча дубал газеталар чыгарылды. Ар бир өтүлгөн ачык тарбиялык сааттар өзүнүн коюлган максатына ылайык кызыктуу өтүп жатты. Сабактарды тех.каражаттарды колдонуу менен кызыктуу өтүштү. “Өзгөчө кырдаалдар” боюнча студенттер менен Балыкчы шаарынын ӨК бөлүмү ортосунда сабактарды уюштуруп берүү жагы көрсөтүлгөн. Буга окутуучу Балиева Бактыгүл жана  Абдылдаева Нуржаннаттын жардамы менен атайын даярдалган “Өзгөчө кырдаалдар” деген темада “Kahoot” программасынын негизинде даярдалган викториналык оюн уюштурушту. Бул оюнга Балыкчы шаары боюнча ӨК бөлүмүнөн келген атайын өкүлдөр жана студенттер активдүү катышышты.  ӨК бөлүмүнөн келген атайын өкүлдөр менен студенттердин ортосунда кызыктуу  суроо-жооп иретинде пикир алышуу болду.

Окуу жайдын студенттерин Балыкчы шаарынын ӨК бөлүмүндө өткөрүлгөн “Ачык эшиктер” күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага К.Жапаев жана тарбиячы Жумабек к Жанара студенттерди алып барып, тааныштырып келишти.

Ар бир өткөрүлгөн иш чара өзүнүн максатына жетти.

1
2
3
previous arrow
next arrow