Мамлекеттик тил күнү

2023-жылдын 22-сентябрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата » Тилиң менен сен бийиксиң, улуусуң!» деген темада иш-чара өткөрүлдү. Мында Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Исакова Сайрагүл Мусаевна сөз сүйлөп иш-чараны ачты.     Жамаат менен «Манас» эпосунан үзүндү айтышты.   Таланттуу студенттер автордук көркөм окууларын окушту.

             «КР Мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамында кабыл алынган  Билим берүү системасына тиешелүү эң негизги беренелер боюнча жалпы колледждин окутуучуларына, студенттерге кеңири түшүнүк, маалымат берилди. Кураторлор » Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата тарбиялык сааттарды өтүштү. Мыкты «Манас» айтуу, өз деңгээлинде дубал газета чыгарган жана мыкты көркөм окуу айткан студенттер грамоталар менен сыйланышты.

1
2
3
4
previous arrow
next arrow