«Манас» эпосунун күнү

2023-жылдын 4-декабрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Манас» эпосунун күнүнө карата иш-чара болуп өттү.  Кыргыз тили жана адабият сабагы боюнча окутуучу Жумабек кызы Жанара «Манас»күнүнүн кабыл алынышы боюнча доклад окуду. Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Исакова Сайрагүл Мусаевна студенттерге «Манас» эпосу менен ар бир кыргыз сыймыктануу керектигин, бул күнгө өзгөчө маани берүүнү баса белгиледи. Ошону менен бирге Исакова Сайрагүл Мусаевна жана БКМ 2-22 тайпасынын студенттери менен «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Тайпалар тарабынан дубал газеталар чыгарылды.

1
2
3
previous arrow
next arrow