3- февралдан 8- февралга «Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу” адистигинин жумалык декадасы болуп өттү.
3- февраль күнү окуу жайдын актовый залында ачылышы болуп, адистиктин студенттери туризмдин мааниси тууралуу толук маалымат беришип, оюн зоокторду уюштурушту. Декаданын ачылык ар улуттун бийин флешмоб кылып бийлөө менен коштолду.
4-февралда окуу класстарында Европа жана Азия мамлекеттеринин туристтик ресурстарын көргөзүү менен методикалык оюндар коштоду.
Жумалыктын акыркы кунундо туризм багытындагы 2-курстун студенттери, окутуучулар Маратова Ы., Курманбекова А. болуп Кочкор районундагы Ара-Көл айылындагы муз тебуу аянтчасына алып барышты. Эс алуучулар муз тээп эле тим болбостон, Чон-Туз шахтасына, Куйгөн сууга барып келишти. Кызыктуу оюндар, эстафеталар менен коштолду.