Окуу жайдын ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө

 «Окуу жайдын ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө» деген темада тегерек  стол өткөрүлдү .Тегерек столдун максаты : Окуу жай менен социалдык өнөктөштөрдүн тыгыз кызматташуусу менен бирдикте эмгек рыногу талап кылган компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо.                     Тегерек столго иш берүүчүлөр, камкордук кеңешинин мүчөлөрү,колледждин бүтүрүүчүлөрү жана окуу жайдын бардык окутуучулары катышты.Тегерек столдо окуу планы иш берүүчүлөрдүн катышуусу  менен талкууланды. Ошондой эле, камкордук кеңешинин аткарган иштери жана Ысык-Көл жана Нарын областтарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуучу борбору жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Тегерек столдун программасы.

«14» сентябрь 2018-жыл.

Темасы: Окуу жайдын ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө.

Максаты: Окуу жай менен социалдык өнөктөштөрдүн тыгыз кызматташуусу менен бирдикте эмгек рыногу талап кылган компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо.

11111
111
1
previous arrow
next arrow