» Ооган согушуна 36 жыл»

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 15-февраль » Ооган согушунун 36 жылдыгына» карата Аскер жетекчи К.Жапаев тарабынан даярдалган иш-чара болуп өттү. Анда Балыкчы шаарындагы Ооган ардагер кеңешинин төрагасы жана Ооган ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду. Ооган согушу тууралуу презентация көрсөтүлдү. Ардагерлер менен студенттердин ортосунда кызыктуу аңгемелешүү болду. Келген конокторго чакан белектер тартууланды.

4
1
2
3
previous arrow
next arrow