“От болуп жанган Ооган апааты”

Балыкчы шаардык мэриясынын 18.01.2024 № 14-т тескемесине ылаыйк

 2024- жылдын 12-февралында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде

15-февраль “Советтик жоокерлердин Ооган Ислам Республикасынан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата “От болуп жанган Ооган апааты” аттуу кече болуп өттү. Мында Ооган согушунда өзүнүн патриоттук милдетин аткарган, Ооган ардагери

Акунов Курманбек  Абдыкеевичтин жаркын элесине арналган иш-чара  болду. Бул иш-чарага Балыкчы шаардык мэриясынан социалдык саясат боюнча башкы адиси Исагалиева Нарынкүл Базылакматовна, Ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы К.К.Малабеков жана Ооган ардагери Б.Абдыкеримов, КР Коргоо Министрлигинин Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүнүн майору У.К.Жумабаевдер келишти.

Бул иш-чара атайын түзүлгөн сценарийдин негизинде майрамдык маанайда келген конокторду тосуп алуу менен башталды. Келген коноктор студенттерди патриоттуулукка, мекенчил болууга үндөө менен өзүлөрүнүн башынан өткөн окуяларын баяндап беришти.

            Ооган ардагерлеринин башынан өткөн  окуя, эскерүүлөрүн студенттер көркөм айтышты. Аскердик ырлар ырдалды. Бул иш-чараны жыйынтыктап жатып, Ооган согушунун тарыхы жана ардагерлер тууралуу Kahoot платформасы менен даярдалган суроолорго келген коноктор жана жалпы катышуучулар  жооп беришти.

            Ооган ардагерлеринин аттары өлкөбүздүн чыныгы атуулдары катары түбөлүккө сакталып калат деген ишеним менен  иш-сара  жыйынтыкталып, директор Жумабаева Бактыгүл Амановна Ооган ардагерлерибизге калоо-тилектерин айтуу менен, келген конокторго чакан белектер тартууланды.            Мындан тышкары окуу жайда берилген тапшырманын негизинде тарбиялык сааттар өтүлүп, дубал газеталар чыгарылды.

1
2
3
previous arrow
next arrow