2023-жылдын 21-декабрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде КР Билим берүү жана илим министрлигинен келген каттын негизинде иштер жүргүзүлдү.
Студенттер арасында «Сергек жашоо образы» окуу предметинин алкагында ден соолукту коргоого, үй-бүлөнү пландаштырууга, эненин жана баланын ден соолугун коргоого байланыштуу маселени камтыган лекция, иш-чаралар өткөрүлдү.
Мында Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Билалиева Венера Жумабековна келип студенттер менен жолугушуу уюштурулду.
Венера Жумабековна тарабынан жогорудагы маселелер боюнча лекция окулду. Студенттердин суроолоруна жооп берди. Кыздар жана балдарга өзүнчө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кураторлор тарабынан да жаштардын репродиктивдүү маселелери боюнча тайпаларына маалыматтар берилип, тарбиялык сааттар өтүлдү.