“Социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу жөнүндө мемориандумга кол коюу аземи”

Ысык- Көл индустриалдык- педагогикалык колледжинде  “Социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу жөнүндө мемориандумга  кол коюу  аземи” өткөрүлдү.

Мемориандумдун темасы : Өнөктөштөр менен тен укуктуу ,өз ара пайдалуу кызматташуунун багыттарын ишке ашыруу жана тараптардын интеллектуалдык , материалдык – техникалык потенциалын толук жана натыйжалуу колдонуу.

Максаты:

  1. Биргелешкен күч аракетти  эмгек рыногунун суроо- талаптарына ылайык келүүчү жаны форматтагы  кадрларды  өстүрүү  үчүн  Колледж менен  өндүрүштүк  сектордун  кызматташуусун этап- этабы менен тереңдетүүгө багыттоо;
  2. Өндүрүш, билим берүү жана изилдөөлорүн ортосундагы синергияны колдоого умтулуу менен кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрү үчүн жаңы билимдериди жана технологияларды тартуу;
  3. Кесипкөй кадрларды даярдоо системасын жакшыртуу, жаңы технологияларды жана алдыңкы тажрыйба берүүдө инженердик-педагогикалык кызматкерлериндин (ИПК) квалификациясын жогоруулатууда кызматташуу үчүн жаңы формаларды жана инновацияларды илгерилетүү.

Келген  конокторду  кыргыздын салты менен элечек, кыргыз кийим кийип  боорсок менен тосуп  алышты.

Аземдин  башталышында Кыргыз Республикасынын гимни жанырып, өнөктөштөр, келген коноктор   тааныштырылды.  ЫКИПКнын  директору  Жумабаева . Бактыгүл Амановна  сөз сүйлөп, окуу жай  жөнүндө чакан  презентация көрсөтүлдү.

Кофе брейктен сон,окуу жайда даярдалып жаткан баардык адистиктер боюнча 2021-2022 – окуу жылына карата “Кесипке багыттоо” иш –чарасы боюнча  презентация көрсөтүлдү.

Өндүрүштүк практика жетекчиси  Иманканова Жыпара Бекмурсаевна    окуу жай учурда Билим Берүү жана илим министирлигинин алдында ишке ашырылып жаткан Азия Өнүктүрүү Банкы каржылаган долбоор менен кызматташуу жөнүндөгү иштери менен  тааныштырып,  видео слайд  көрсөтүлдү.

  Кийинки сөз сүйлөө кезеги Ысык- Көл индустриалдык- педагогикалык колледжинин өнөктөштөрүнө берилди .    

   Иш- чаранын маанилүү бөлүгү болгон Ысык – Көл индустриалдык – педагогикалык колледжинин “Социалдык өнөктөштөрү менен кызматташуу жөнүндө мемориандумга  кол коюу” аземи башталып , өнөктөштөр кызматташуу кагазына  кол коюшту.

Иш –чараны  окуу жайдын директору Жумабаева Бактыгул  Амановна сөз сүйлөп жыйынтыктады.

WhatsApp Image 2021-03-16 at 12.10.06 (2)
WhatsApp Image 2021-03-16 at 12.13.59
WhatsApp Image 2021-03-16 at 12.10.04
WhatsApp Image 2021-03-16 at 12.10.04 (1)
WhatsApp Image 2021-03-16 at 12.10.05
WhatsApp Image 2021-03-16 at 12.10.06
WhatsApp Image 2021-03-16 at 12.10.06 (1)
previous arrow
next arrow