«Студенттердин күнү»

2023-жылдын 17-ноябрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Студенттердин күнүнө» карата иш-чара болуп өттү. ПОВТАС 7-23 (Б) тайпасынын  уюштуруусу менен даярдалган чакан концерт тик программа уюштурулду. Кече кызыктуу оюндар жана ыр, бий менен коштолду.  Андан тышкары колледжиндин Студенттер парламентинин жаңы курамы бекитилди. Мурунку Студенттик парламенттин курамын активдүү иш алып барышкандыгын белгилөө менен администрация тарабынан «Ардак грамоталар» менен сыйланышты. Аягында студенттер үчүн дискотека уюштурулду.

1
2
3
previous arrow
next arrow