2023-жылдын 20-февралында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине Борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директору Евгений Жуков, Азия өнүктүрүү банкынын КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арая жана Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун башкы менеджери Атаканов Нурлан Чырбанович баштаган делегациясы келди.
Делегацияны тосуп алууда 21-февраль Эл аралык Эне тил күнүнө карата колледжде өткөрүлүп жаткан «Улуттар биримдиги — улуу байлык» аттуу иш-чаранын алкагында Балыкчыда жашаган улуттардын (кыргыз, казак, өзбек, дунган, орус)улуттук кийимдери жана улуттук тамактары, улуттук бийи көргөзүлдү.
Андан соң колледжге экскурсия жүргүзүлдү. Ошондой эле артыкчылыктуу адистиктердеги окуу процесси, окутуунун жаңы технологиялары, ыкмалары, практикалары, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу жана инклюзиялык билим берүү боюнча презентация көрсөтүлүп, ДМЧ балдар үчүн ачылган адистиктеги окуган студенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, баарлашуу болду.
Келген меймандар окуу жайдын билим берүү ишмердүүлүгүндөгү жаңы кадамдарга баа берип, ыраазычылыктарын билдирип , жакшы ойлор менен кайтышты.