“Улуттук оюндар -улуу мурас”

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы  №353-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 18-сентябрынан  18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы”  аталышындагы  мамлекеттик тилдин үч айлык жарыяланды.                                                                                                                           “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жобосуна ылайык Ысык-Көл индустриалдык – педагогикалык колледжинде окутуучулар жана кызматкерлер арасында   2023-жылдын 5-октябрында “Улуттук оюндар -улуу мурас” деген аталыштагы улуттук оюндар боюнча спорттук мелдеш өттү.  Окуу жайдын Мамлекеттик тил боюнча   директордун орун басары Исакова Сайрагүл Мусаевна саламдашып, оюндун жүрүшү, максаты жана калыстар тобу менен тааныштырды.                                                                                                    

Алгач,  Дене тарбия жетекчиси оюндун негизги судьясы Максатов Аслан өзүнүн жардамчы судьялары менен  залга чакырылды. “Достук” жана “Мурас” командаларынын арасында таяк беришмей , топ таш, кол күрөш, аркан тартыш, ак  терек- көк терек оюндары ойнолуп, кызыктуу таймаш болуп өттү. Калыстардын чечими менен 1-орун “Мурас”, 2-орун “Достук” командасы жеңишке жетишти. Андан тышкары “Эң мыкты оюнчу”, “Шамдагай оюнчу”, “Эрежени так сактаган оюнчу” номинациялар аныкталып, акчалай сыйлыктар менен катышуучулар сыйланды.

1
2
3
previous arrow
next arrow