29.04.2025-ж. Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Улуу Жеңишке-80 жыл” деген аталышта жогорку деңгээлде иш-чара болуп өттү. Бул иш-чараны Аскер жетекчи Жапаев Казыбек Насирдинович тарабынан түзүлгөн Жобонун негизинде СО 11-24, 2-24, 6-24 тайпаларынын студенттери тарабынан уюштурулган командалар арасында кызыктуу аскер-спорттук эстафеталык оюн уюштурулду. Бул иш-чарага конок жана калыстык кылуу үчүн Балыкчы шаардык Аскер коммиссариатынын орун басары подполковник Максутов Айбек жана 22 кесиптик лицейинин Аскер жетекчиси Дюшеев Космос агайлар келип өз бааларын берип, 1-2-3 орундар берилди. Жыйынтыгында 1-орун СО 11-24, 2-орун СО 6-24, 3-орун СО 2-24 тайпалары ээ болушту. Иш-чарага катышкан бардык студенттер жоопкерчилик менен жогорку деңгээлде даярданышканы көрүнүп турду. Уюштурган Аскер жетекчиси жана ФК 9-24 тайпасына терең ыраазычылык билдиребиз.