15.04 2024-ж. Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 13.02.2025-ж.#15-234 КР ИИМдин Күзөт кызматынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-мерчеминин талаптарын аткаруу максатында Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Исакова Сайрагүл Мусаевна Балыкчы шаардык ички иштер кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүнүн кызматкерлеринин арасында “Сабаттуу жазуу” иш-аракеттеринин ишке ашыруу максатында жат жазуу алынып, Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамындагы ИИМге тиешелүү беренелери, туура жазуу эрежелери боюнча семинар өттү. Семинарда презентациялар көрсөтүлүп, суроолор берилип, көптөгөн жаңы маалыматтар берилди. Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жалпы кызматкерлери бул иш-чараны камсыздап берген ЫКИПКнын жалпы администрациясына жана Сайрагүл Мусаевнага ыраазычылыктарын билдирип, ишине ийгилик каалады.