17- сентябрь биздин колледжге Манила шаарынан Азия Өнүктүрүү Банкынын жаңы аткаруучусу дайындалып директору Г-н Парджионо, жана Г-жа Макелета Сильва — директорунун кеңешчиси Г-н Чжэн Ву конок болуп келди

Алгач окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жана окуу-өндүрүштүк комплекстери менен таанышып чыкты. Колледжде студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзгөн практикалык кабинеттер, жабдуулар жана инновациялык окутуу ыкмалары көрсөтүлдү. Окутуу процессинде колдонулуп жаткан жабдууларды көрүп чыкты. Ошондой эле колледждин жетишкендиктери, өнүгүү багыттары жана келечектеги пландары жөнүндө маалымат берилди.

Коногубуз студенттер менен да жолугушуп, ачык баарлашуу өткөрдү. Жаштар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, билим алуудагы мүмкүнчүлүктөр жана келечек тууралуу пикир алышышты. Бул жолугушуу студенттер үчүн дем берүүчү жана шыктандыруучу мааниге ээ болду.

Аталган сапар биздин жамаат үчүн чоң сыймык жана колледждин эл аралык деңгээлде таанылышына жол ачкан маанилүү кадам болуп калды.