“23-сентябрь -мамлекеттик тилге -35 жыл”

Биздин колледжде бүгүн “23-сентябрь -мамлекеттик тилге -35 жыл” аттуу кыргыз тилин даңазалаган кече болуп өттү.
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Мындан тышкары Кыргызстанда орус тили расмий тил деп эсептелет.
Иш-чараны мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары С.Исакованын жетекчилиги алдында кыргыз тилчилер Э. Сонунбаева, Ж.Жумабек кызы жана 1-2-курстун кураторлорунун жардамы менен уюштурулду.
Кыргыз тилинин түптөлүп, өнүгүп -өсүшүнө зор салым кошкон илимпоз-агартуучулардын өмүр баяны, видео-ролик көрсөтүлүп, кече комуздун күүсү менен коштолду.
“ Байлыктын башы-эне тил” демекчи, кеченин аягы студенттерди кыргыз тилинде сүйлөөгө, аны сактоого чакыруу менен аяктады.

4
44
444
previous arrow
next arrow