Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнүнө карата “Кызыл ай” коому менен биргеликте иш-чаралар болуп өттү. Мында Балыкчы шаардык ‘Кызыл ай” коомунун өкүлү Эркетаева Нургүл Шарабидиновна келип конок лекция уюштурулду. Конферец залда студенттерге “Кургак учук” боюнча жалпы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буклеттер таратылып, кызыктуу, пайдалуу маалыматтар айтылды. 2-бөлүгүндө окуу жайдын спорт залында студенттер жана окутуучулардын катышуусунда эстафеталык оюн уюштурулуп, ыр, бийлер менен коштолду. Оюндун жүрүшүндө “Ак шумкар”, “Ар намыс”, “Патриот” командалары күч сынашып, орундарга ээ болду. Командаларга ‘”Кызыл ай” коому тарабынан “Ыраазычылык каттар”, спорттук инвентарлар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Бул иш-чараны уюштурган “Кызыл ай” коомуна терең ыраазычылык билдиребиз.