3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнү

            Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 3-декабрь ден

соолугунан  мүмкүнчүлүгү  чектелген  жарандардын Эл аралык күнүнө карата «Жакшылык кылууга умтул» деген ураандын алдында иш-чара болуп өттү.

        Иш-чарага жалпы колледждин жамааты, студенттери, өзгөчө балдарыбыз, алардын ата-энелери, шаардык Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Туркманов Азиз Эстебесович  катышты.

        Окуу жайга  атайын кутуча илинип, ар бирибиз  көңүлдөн чыккан

каражатыбызды салдык. Чогулган каражатты өзүбүздүн «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» адистигинин өзгөчө  тайпасынын студенттерине белек катары бердик.

        Ушул адистиктин  2022-жылкы биринчи бүтүрүүчүлөрү  иш-чарага келип, өзгөчө балдарга кызыктуу оюндарды ойнотуп, өзгөчө  белектерди берип, көңүлдүү маанай тартуулашты.

         Иш-чара студенттердин концерттик программасы менен коштолду.

         Ал эми «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттери  өзгөчө балдарга жана алардын ата-энелерине  түшкү тамак уюштуруп беришти.

4
3
1
2
previous arrow
next arrow