Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 15-сентябрь жаны окуу жылы салтанаттуу линейка менен башталды. Кыргыз республикасынын гимни жаңырып, окуу жайдын директору Жумабаева Бактыгул Амановна эмгек жамаатын жана студенттерди жаңы окуу менен куттуктады.
Салтанаттуу линейка окуу жайдын студенттик парламенти менен биргеликте студенттер даярдаган кыргыз бийи, флешмоб менен коштолду. Кураторлор студенттер менен уюштуруу иштерин жүргүзүп тарбиялык сааттарды өткөрүштү. Жаңы окуу жылы шаңдуу, жандуу жакшы маанай менен башталды.