1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши менен тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө, руханий жаӊыланууга бел байладык. Ошол күндөн тарта ар бир окуу жай 23-сентябрь Тил күнүнө карата ар кандай иш-чараларды уюштуруп, тилибиздеги көйгөйлөрдү, маселелерди алып чыгып, жаштарды өз тилин сүйүүгө, тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө чакырып жатышат.
Быйыл, т.а. 2022-2023-окуу жылдын 23-сентябрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата «Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүдө жаштардын орду» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столго ар бир тайпадан үчтөн студент топтолуп, жалпы беш топко бөлүндү.
Студенттер кыргыз тилинин азыркы абалы, тилдин кадыр-баркын көтөрүү, кыргыз тилинде сүйлөө багытында талкуу жүргүзүп, ой-пикирлерин талкулашты. Активдүү катышкан студенттерге грамоталар берилди. Ошондой эле кураторлор тарбиялык саат өтүп, Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары С.М.Исаковага фото отчёт даярдап беришти.