Ааламга жарык нур чачкан — мугалим

2022-жылдын 5-октябрында БКМ 2-21  тайпасы Мугалимдер күнүнө карата  иш-чара өткөрдү. Жалпысынан иш-чара ыр, бий, оюн,  интермедиа менен коштолду. Иш-чарага атайын мектептерден меймандар чакырылып, үзүрлүү эмгеги үчүн ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле биздин окуу жайыбыздын мыкты, чыгармачыл  мугалимдери да сыйланды.

          Биздин мугалимдер ар дайым алдыга  талпынып, изденүү менен иштөөгө тырышат. Албетте,  мугалимдин коомдогу орду, адамдын жашоосундагы ролу чексиз. Айтмырза Абылкасымовдун “Жолдо” аттуу китебинде “Мугалим тегирмен сыяктуу. Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип, парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот. Демек, чанагынан чубуруган данды негизги азык – ун кылып чыгара албайт. Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу, анын бузулуп, талкалануусуна алып келет… ” – деп жазылгандай,  окуу жайыбыздын мугалимдери изденүү менен сабак өтүп, ар дайым креативдүү мугалим болууга талпынат.

2
4
3
1
previous arrow
next arrow