ЖУМУШСУЗДУКТУ ЖОЮУ

2022-жылдын 17-октябрында мэриянын алдында жумуш издегендер, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өттү. Анда жумушсуз жарандар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түздөн-түз байланыш көпүрө түзүү мүмкүнчүлүгү болду. Бош орундарды сунуштай турган шаардагы бир катар мамлекеттик мекеме-ишканалардын жана жеке менчик ишканалардын өкүлдөрү да иш-чарага катышышты. Ошондой эле Балыкчы шаары жана Ысык-Көл областы боюнча бош жумуш орундардын тизмеги атайын такталарга илинип, көргөзмөгө коюлду.

       Бош орундардын жана кесиптердин жарманкесине Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи да катышты. Студенттер жарманкени бий менен ачып берди. Ошондой эле  өздөрүнүн кол эмгегинен жаралган  өзгөчө формалары менен мода көрсөтүп басышты.

         Жумушсуз жарандарды кесипке үйрөтүп билим берүүгө кошкон салымы үчүн шаардагы Ысык-Көл Индустриалдык педагогикалык колледжи Ардак грамота менен сыйланды.

3
4
1
2
previous arrow
next arrow