“Алдыңкы тажрыйба борборун” ачуу аземи

2022-жылдын 3-ноябрында Ысык-Кѳл индустриалдык-педагогикалык колледжинде “Алдыңкы тажрыйба борборун” ачуу аземи жана “Жаңылануу жолунда” аттуу марафону болуп ѳттү.

         “Алдыңкы тажрыйба борборун” ачуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Иманбетов Илияз Женишович, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, шаардык Кеңештин тѳрагасы Абдразаков Жакшылык Мурзабекович, колледждин ардактуу кызматкерлери Дѳѳлѳсбаева Айнагүл жана Турдукеев Мурзабек Сулайманович кызыл лентаны кесип, ѳздѳрүнүн каалоо-тилектерин айтышты.

          Ачуу аземине келген конокторго «Алдыңкы тажрыйба борборуна»  экскурсия жүргүзүлүп, алар Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун колдоосу менен жасалган реконструкциялык — ремонт  иштери менен жасалган  заманбап окуу аудиториялары, кабинеттери, Окуу өндүрүштүк комплекси менен жана  заманбап  окуу техникалары, жабдуулары менен таанышты.

        Салтанаттуу иш-чаранын экинчи бөлүгү “Жаңылануу жолунда” аттуу марафону менен уланды. Марафонго областын, шаардын өкүлдөрү,  окуу жайдын соц. өнөктөштөрү, бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелери өз салымдарын кошуп,  каалоо-тилектерин айтышты.

 Иш-чара ыр, бий, комуз күүлөрү менен коштолуп, Кесиптик парад көрсөтүлдү.

3
4
1
2
previous arrow
next arrow