Бактылуу балалык

2022-2023-окуу жылынын 22-ноябрында Ысык-Көл индустриалдык-

педагогикалык колледжине Н.Крупская атындагы №9 жалпы билим берүү орто

мектебинин  9-11 классынын окуучулары  соц. педагог Мусагулова Дамира

 Жумакадыровнанын жетекчилигин алдында  зордук зомбулуктун алдын алуу ,

кесипке багыт берүү боюнча «Бактылуу балалык» аталышында акция жүргүзүп,

экскурcия жүргүзүп кетишти.

               Профориентацияда окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Н.Д.Сагындыковна ЫКИПКнын баардык кесиптери боюнча маалымат

берди. Алдыӊкы тажрыйба борборундагы баардык кабинеттер, музей, мейманкана

көрсөтүлдү. Ошондой эле заманбап Smart доска менен иштөөнү окуу жайдын

информатик мугалими Казыбаев Алмаз көрсөтүп берди.

1
2
4
3
previous arrow
next arrow