2019-2023-жылдарга карата Кыргызстанда инкюзивдик билим берүүнү
өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Ал ар бир баланын өзгөчөлүгүнө
карабай билим алуусуна бирдей шарт түзүүнү көздөйт. Бул багытта
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары
инклюзивдик билим берүү боюнча семинар, онлайн-платформаларга
катышып келет.
Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин 10 окутуучусу
2022-жылдын 9-декабрынан 20-декабрына чейин Эл аралык билим берүү
технологиялар борбору уюштуруп жаткан «Инклюзивдүү кесиптик билим
берүү: заманбап көз караштар жана мамилелер» аттуу онлайн окууга
катышып, квалификациясын жогорулатып, 72 сааттык сертификат алышты.
Бул онлайн окуу SKLAD билим берүү платформасында жүргүзүлдү.
Квалификациясын жогорулаткан окутуучулар 2023-жылдын
24-январында колледжин мугалимдер жамаатына дүйнөлүк заманбап
тажрыйбаларды т.а. Германия, Эстония, Корея, Великобритания,
Финляндия, Австрия өлкөлөрүнүн инклюзивдик билим берүү ыкмаларын,
тажрыйбаларын талкуулашып, семинар өткөрүштү.