2023-жылдын 21-ноябрында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде АӨБнын колдоосу менен «Окуу өндүрүштүк комплекси» ачылды. Окуу комплексинин ачылышынын лентасын кесүү аземине;
1. АӨБ аткаруучу директору-Мейд Арайа Виджана мырза
2.Кыргызстандагы АӨБнын директору- Чженг Ву мырза
3.Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкери-А.Джунушалиева
4.Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнөн-Н.Т.Искаков
5.Балыкчы шаарынын вице-мэри- А.Туркманов баштаган өкүлдөр келишти. Инклюзивдүү студенттердин иштери менен келген коноктор таанышып, баарлашты.Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн окуу жайда эң мыкты шарттар түзүлдү. 2023-2024-окуу жылында «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды камсыздоо» адистигинде окуган 10 студенттин ичинен 3 студент ушул окуу өндүрүштүк комплексинде иш менен камсыз болушат.