Билим уясына — 30 жыл!

Ала-Тоонун бермети аталган касиеттүү көлүбүздүн алтын дарбазасы, айтылуу Калыгул акенин батасын алган, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан  Балыкчы  шаарындагы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи 30 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгиледи. Бул окуу жайы жөнүндө   жакшы пикирлер  Совет доорунан бери эле айтылып келет.

Эмесе бул билим уясынын көп жылдык  сыймыктуу тарыхына назар салалы!

Кыргыз ССР министрлер Советинин 1979-жылдын 16-августундагы № 413 токтомуна ылайык Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто окуу жайлар министрлигинин 1979-жылдын 23-августундагы № 194  буйругу менен 1979-жылдын   сентябрь айында ал мезгилдеги Рыбачье  шаарында Фрунзедеги курулуш техникумунун филиалы болуп ачылган.

Филиал Рыбачье шаарындагы № 3 А.С. Макаренко атындагы орто мектебинин   бир корпусунда жайгашкан.  Филиалдын алгачкы жетекчиси болуп Турдукеев Мырзабек Сулайманович  иштеген. 80-жылдары республикада турак-жай курулуштары  кеңири өнүгө баштагандыктан, окуу жайы өндүрүш  жана  турак-жай курулушу  адистиктери  боюнча инженердик-техникалык  кадрларды даярдоого өткөн.

Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын  орто окуу жайлар  министрлигинин 1986-жылдын 1- июлундагы № 244 буйругу менен филиал Рыбачье курулуш техникуму болуп, өз алдынча  статус алып, кайрадан түзүлгөн.

1986-жылдын сентябрь айынан  тартып, техникум   жаңы  салынган  корпуста өз ишин уланткан. 1989-жылы окуу жайы Ысык-Көл индустриалдык техникуму деп аталып калды. Техникумдун тунгуч директору Душеев Мелис   Душеевич 1986-жылдан 2007-жылга чейин эмгектенген.

Окуу жайдын алгачкы  окутуучулары Турдукеев Мырзабек Сулайманович, Агибаев Абдрасул Сабырович, Деркенбаева Динара Кадыровна, Амурова Панагүл Абытаевна, Акунсартова Кайыр  Кадыровна,  Обонбаев Сагын Токушевич, Акчурин Искендер Айсанович жана Сотникова Наталья Ивановналар  болушкан. Ошол жылдар ичинде окуу жайы техник-курулушчу, техник-энергетик, бухгалтер,  кол эмгек мугалими, мейманканаларда  туристтик  тейлөөнү уюштуруу адистиктери боюнча  көптөгөн адистерди даярдап чыгарган.

  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын  15-ноябрындагы № 10-4 буйругунун негизинде 2009-жылдын 8-июнунан  тартып окуу жайы Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи  деп аталган.

2007—2013-жылдары окуу жайын Өмүргазиев Токтогазы Өмүргазиевич жетектеп келген. Азыркы мезгилде колледж «Башталгыч класстардын мугалими», «Автотранспортто жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу»,

«Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Дене тарбия  мугалими», «Мектепке чейинки билим берүү», «Тигүү кийимдерин конструкциялоо жана моделдөө», «Технология» адистиктери боюнча кесип ээлерин окутууда.

2013-жылдан бери Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде Жумабаева Бактыгүл Амановна жетекчилик кылып келүүдө. Педагогикалык коллективде 28 тажрыйбалуу окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен 14 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» деген ардактуу  наамды алып жүрүшөт.

1979 –жылдан бери  3597 бүтүрүүчү окуу жайын бүтүрүп чыгышып,  өлкөбүздүн ар кандай тармактарында үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Эми мааракеге кайрылсак, 2016-жылдын 17-ноябрында окуу  жайдын чоң акт залында Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык  колледжинин

30 жылдыгына карата   «Алгаласын окуу жайың, арышына салым кош!» аттуу марафон өткөрүлдү.

30 жылдык мааракеге жана марафонго  Балыкчы мэриясынын, шаардык Кеңештин, Билим берүү бөлүмүнүн жана окуу жай менен кызматташ мекемелердин,  мектептердин, бала бакчалардын, ишканалардын  жетекчилери чакырылды. Ошондой эле студенттердин ата-энелери, окуу жайды мурун аяктап, ийгиликтүү иштеп жүрүшкөн бүтүрүүчүлөр келишти.

Окуу жайына 22 жыл жетекчилик кылган ардактуу пенсионер Душеев Мелис Душеевич  жана анын жубайы, юрист болуп иштеп кеткен Сулайманова Гульсия Сулаймановалар келишип, жүрөктөн чыккан куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Юбилейлик  иш-чарада колледждин  директору Жумабаева  Бактыгүл Амановна чыгып сүйлөп,  бардык катышуучуларды  окуу жайдын 30 жылдыгы менен кызуу куттуктап, ушул  мезгилдин ичинде  колледждин окуу –тарбия иштеринде  жана  материалдык-техникалык  базасын чыңдоодо чоң ийгиликтер жаралгандыгын баса белгилеп көрсөттү.Өзгөчө окуу жай менен 2015-жылдан бери КР Билим берүү жана илим министрлигине  караштуу башталгыч жана  орто кесиптик билим берүү агенттигиги тарабынан ишке ашырылып жаткан  Азия Өнүктүрүү Банкынын (АБР) долбоорунун  II  фазасына кирип, тыгыз иш алып барып жаткандыгын  баса белгиледи  жана АБР долбоору окуу жайга эки  кесипчилик боюнча окуу кабинет жана мастерской, ошондой эле  бир компьютердик класс заманбап  ремонттон өткөрүлүп, жабдуулары менен кошо бериле тургандыгын   айтып, бул долбоорду ишке ашырып жаткан АБРдин менеджерлерине чоң ыраазычылык билдирди.

Ушул күнү компьютердик класска 13 компьютер, принтерлер жана интерактивдүү доска келип, кабыл алгандыгын айтып жана окуу жай үчүн чоң белек болгондугун белгилеп,  студенттерди жана жалпы жамаатты абдан кубандырды.

Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан марафондун максаты окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошумча каражат болоорун айтып, келген  меймандарга ыраазычылык билдирди.

  30 жылдык мааракеге  Балыкчы шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Н.Исагалиева, А. Калыков, С. Муканбетов, шаардык Кеңештин депутаты биздин бүтүрүүчү Усупов Бакыт, алыскы Бириккен Араб Эмиратындагы Дубай шаарында жашап, иштеп жүргөн бүтүрүүчү Шаңырбаева Мээрим, Камкордук кеңештин төрагасы Т.Д. Матанов, ата-энелер комитетинин төрайымы Аракеева Калыйкан, биздин  бүтүрүүчү № 7 мектептин директору К. Керимова,

КР мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси  Н. Алдаяров, КГУСТАнын алдындагы  колледждин  директору Г. Бейшеевалар жана чакырылган бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, куттуктоо сөздөрүн айтышып, өз салымдарын кошушту.

Келген меймандар куттуктоо сөздөрүндө окуу жайдын улам өсүп, шаар ичинде кадыр –баркы  көтөрүлүп, кеңейип, ийгиликтерге жетишип, даярдалып жаткан адистердин  деңгээли жылдан жылга жогорулап жаткандыгын,   жергиликтүү  жакынкы райондордогу тургундардын балдарынын окуусуна өтө ыңгайлуу экендигин жана элге керектүү жаңы  адистиктердин ачылып жаткандыгын, студенттердин окуусу үчүн жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилешип, окуу жайдын директору  Жумабаева Бактыгүл Амановнага жана жалпы жамаатка ийгиликтерди каалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш- чаранын экинчи бөлүгүндө келген меймандарга окуу жайда экскурсия өткөрүлдү.

Иш-чаранын үчүнчү  бөлүгүндө мугалимдер К. Жапаев жана М. Айдаракуновалар даярдаган  өнөрпоз студенттердин  аткаруусундагы  хорлор, ырлар, сценкалар жана бийлер меймандарга тартууланды. Мааракенин соңунда бардык келген конокторго сый тамак берилди.

Окуу жайдын 30 жылдык мааракеси жогорку деңгээлдеги уюшкандык менен өткөрүлдү.

Марафондон түшкөн каражат Камкордук кеңешинин чечими менен окуу жайдын  окуу кабинетинин терезелерин алмаштырууга жумшалаары белгиленди.

13
133
1333
13333
133333
1333333
13333333
133333333
previous arrow
next arrow