12-сентябрь Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 1-курстарынын ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушта студенттердин окууга адаптация болушу, окуу жайдын ички тартип эрежелери, студенттердин укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди.
Ата-энелер суроолорун беришип, сунуштарын киргизишти.
Группанын кураторлору менен тааныштырып, окуу жайга экскурсия кылып, окуу бөлмөлөрүн көрүштү.