Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин “Эсептөө техникаларынын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо” адистигинин 2023-2024- окуу жылында окууну аяктаган 2 (эки) тайпанын дипломун тапшыруу аземи болуп өттү.
1)ПОВТАС 7-22 Б тайпасынын, Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерибиз кесибин ийгиликтүү аяктап, учурда өз кесибин аркалап иштеп жатканы бизди кубандырат. Кечеге катышкан ата-энелер ыраазычылыгын билдирип, окуу жайдын мындан аркы ишине ийгилик каалап кетишти.
2) ПОВТАС 7-22 тайпасынын студенттери окуусун артыкчылык диплому менен аяктап, кесипкөй адистердин катарын толукташты. Аларды окуткан эжей-агайларына ыраачылык билдиришип, мындан ары колледж менен тыгыз байланышта болоорун айтышты.