Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде БКМ 2-22 тайпасы жана куратору Ибирайым кызы Гүлжан тарабынан даярдалган “Жаңы жыл-2025” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада окуу жайдын директору Иманканова Жыпара Бекмурсаевнанын куттуктоосу менен башталды. Окутуучулар менен студенттерге кызыктуу оюндар ойнотулуп, ыр, бий менен коштолду. Активдүү катышкан студенттерге белектер берилди.