Түркиялык делегация биздин окуу жайда

Түркиялык делегация Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине келип, билим берүү мекемесинин жетишкендиктери менен жеринен таанышып чыкты.
Биздин жетекчилик жана окутуучулар түркиялык конокторго мекеменин ишмердүүлүгү, студенттердин билим алуусу жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан программалар тууралуу маалымат бердик.

Делегация колледждин окуу класстарын жана өндүрүштүк практикаларды өткөрүүгө багытталган жайларын көрдү.

Колледждеги кыргыз улуттук чакан музейи жана жогорку талаптарга жооп берген жабдуулары делегациянын көңүлүн өзүнө тартты.

Балыкчы шаарына Түркиянын
Гельбашы шаарынын расмий өкүлдөрүнүн делегациясы келишти.

Делегациянын курамында Гельбашы муниципалитетинин башчысынын орун басары Исмаил Кара, маданият жана эл аралык иштер боюнча муниципалитеттин директору Расим Янык жана муниципалдык полициянын башчысы Куртулуш Чифтчи бар.

1
2
3
previous arrow
next arrow