“ Эсептөө системасын автоматташтыруу жана программалык камсыздоо” адистигинин жумалыгы

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 2025-жылдын 17 — февралынан 21-февралга чейин “ Эсептөө системасын автоматташтыруу жана программалык камсыздоо” адистигинин жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыктын алкагында ПОВТАС адистигинде окуган жалпы студенттер менен иш-чаралар өткөрүлдү. Жумалыктын ачылышы өзгөчө болду. Себеби, “Жасалма интеллект” аркылуу окутуучулар программалык камсыздоо боюнча маалыматтарды беришти. Тайпалар даярдаган кызыктуу видео-роликтер көрсөтүлүп, оюндар ойнолду. ПОВТАС адистигинин жалпы студенттери, окутуучулары менен бирдикте Кыргызстандагы #1 IT-компаниясынын CODIFY негиздөөчүсү Динара Руслан менен конок лекция уюштурду. Окутуучулар тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдү.

4
1
2
3
previous arrow
next arrow