Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде 3-март Туу жана 5-март Ак калпак күнүнө карата ПОВТАС тайпалары тарабынан даярдалган иш-чара болуп өттү. Мында Туу жана Ак калпак боюнча презентация көрсөтүлүп, маалыматтар берилди. Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан келген буйруктун негизинде колледждин студенттери бул күндүн урматына башына Ак калпактарын кийип, Тууну көккө желбиретип, жөө жүрүшкө катышты.