«Жаш кесипкөй мугалим»

Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде окутуучулардын кесиптик, социалдык-экономикалык жана моралдык жактан колдоого багытталган «Жаш кесипкөй мугалим» аталышында сынак болуп өттү. Бул сынак атайын методист тарабынан түзүлгөн Жобонун негизинде өткөрүлдү. Жобого ылайык катышуучулар берилген тапшырмаларды жоопкерчилик, чыгармачылык менен даярданып көрсөтүштү. Калыстар тобунун чечими менен орундар аныкталып, «Ардак грамоталар» акчалай сыйлыктар тапшырылды. Баш байге- Кыдырова Чынара Доктурбековна, 1-орун Маратова Рыскүл, 2-орун Абдылдаева Нуржаннат, 3-орун Жеңишбек к Мунар ээ болушту.

1
2
3
previous arrow
next arrow